Ташиев: «Эртең Султанбай Айжигитовдун мандатын алып койсо таң калбагыла»

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин комитеттеринин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуу тууралуу маалымат берип жатат.

«Сиз 2017-жылы жаш баланы уруп коюп, туугандарыңыз сотто иштейт экен «бейбаштык» беренесин башка беренеге которуп отуруп мөөнөтү өттү деп сизди кылмыш жоопкерчилигинен бошоткон. Бирок ошол кылмыш жоопкерчилигине тартылган маалым катыңызды сиз БШКга бербепсиз. Эртең Султанбай Айжигитовдун мандатын алып койсо таң калбаңыздар. Мен БШКга карап чыгып өтүнмө жөнөттүм. Аларда андай маалым кат жок экен», — дейт Ташиев.

Ал учурда Султанбай Айжигитов Ташиевдин айткан сөздөрүн четке какты.

«Баланы сабап койгонум боюнча чын болсо, кана ошол видео далилдер? Аны көгөртүп, муунтуп, тепкилеп салгандай айтып жатасыңар. Ошол экспертизанын далилдери каякта? Бул жөн эле сөздөр. Мугалимдердин айтышы боюнча да “өзүбүз көргөн жокпуз, ушинтип айтышты”. 6-5-класс балдардын да көрсөтмөлөрү туура эмес», — деди Айжигитов.

Эске салсак, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Султанбай Айжигитов “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе Ворух анклавына коридор ачыларын» айткан.

Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин жыйынында “Ыйман нуру” фракциясынын лидери Динара Ашимова кыргыз-тажик чек арасы боюнча Султанбай Айжигитов фракциянын эмес, жеке пикирин билдиргенин айтты жана анын айткандары боюнча маселе фракция жыйынында караларын айткан. «Ыйман нуру» фракциясы депутат Султанбай Айжигитовду фракциянын курамынан чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты