БШК депутаттыкка талапкер Лира Акунованы жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берди
- 2 месяца мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 27-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Лира Акунованы жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.
БШК 26-ноябрда Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Лира Акунованы жазык жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде жаза чараларына тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч каты келип түшкөн.
Бишкек ШИИББ өндүрүшүндө кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүгүндө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши тергелүүдө.
Өтүнүч катта тергөө иш-аракеттерин жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө талапкер Акунованын жакын туугандары добуштарды сатып алууга багытталган ири өлчөмдөгү акча каражаттарын атайын жарандарга бергендиги аныкталган.
Бул аракеттер Лира Акунованын шайлоо штабында анын көзөмөлү жана тапшырмасы менен жүргүзүлгөндүгү шектелүүдө.
БШК шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек ШИИББнин № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акунова Лираны кылмыш жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде салынуучу жаза чараларына тартууга макулдук берүү жөнүндөгү өтүнүчүн канааттандырды.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 27-ноябрда № 22 жана № 24 көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Лира Акунованын жана Гүлназ Халилованын каттоосун жокко чыгарды.
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо процессин аяктады. Жалпысынан 30 шайлоо округунан 467 талапкер катталды. Алардын ичинен 276 эркек, ал эми 191 аял талапкерлер. Мурда эки талапкердин каттоосу жокко чыгарылып, 465 талапкер калган. Эми 463 талапкер калды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Сүрөт: «ПолитКлиника»




