Суусамыр өрөөнүндө мектептин китепканасы жана спорт залы өрттөндү

Бүгүн, 19-ноябрда, саат 09:50 чамасында Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылындагы орто мектептин китепканасынан жана спорт залынан өрт чыккан.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жана Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барышкан.

Окуя болгон жерден өрт кырсыгынан жабырлануучулар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: Чүй ОИИБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты