БШК депутаттыкка талапкер Гүлназ Халилованы жоопкерчиликке тартууга макулдук берди
- 7 месяцев мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Гүлназ Халилованы жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.
Бул тууралуу БШК билдирди.
БШКга 26-ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан №24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Гүлназ Халилованы жазык жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде жаза чараларына тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч кат келип түшкөн.
Бишкек шаарынын Свердлов РИИБде кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүндө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.
Өтүнүч катта тергөө иш-аракеттерин жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө талапкер Халилова жеке өзү жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу шайлоочуларды сатып алууга багытталган шайлоо алдындагы штабдын ишин уюштургандыгы аныкталган.
Жарандар менен жалган келишимдер үгүтчүлөр менен түзүлгөн келишимдер катары көрсөтүлгөн, бирок иш жүзүндө добуштарды сатып алууга багытталган (ар бир добуш үчүн 2000 сом). Шайлоочуларды сатып алууга багытталган 40 000 сом, ошондой эле 80 200 АКШ доллары, 116 000 сом жана 29 500 сом суммасындагы акча каражаттары тинтүү учурунда документтештирилген.
Акча каражаттарынын кармоочулары — Халилованын тарапташтарына айыбы угузулуп, башка жакка чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасы тандалган.
БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Гүлназ Халилованы кылмыш жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде салынуучу жаза чараларына тартууга макулдук берүү жөнүндөгү өтүнүчтү канааттандырды.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 27-ноябрда № 22 жана № 24 көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Лира Акунованын жана Гүлназ Халилованын каттоосун жокко чыгарды.
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо процессин аяктады. Жалпысынан 30 шайлоо округунан 467 талапкер катталды. Алардын ичинен 276 эркек, ал эми 191 аял талапкерлер. Мурда эки талапкердин каттоосу жокко чыгарылып, 465 талапкер калган. Эми 463 талапкер калды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




