«Болот курчуйт, таш сынат». Бишкекте «Эркиндик үчүн!» жөө жүрүшү өтүүдө (Видео)

Бүгүн, 25-ноябрда, Бишкек шаарында “Эркиндик үчүн»” аттуу сөз эркиндигин камсыздоо, саясий тутукундарды бошотуу талабы менен жөө жүрүш өтүүдө. Акция темир жол бекетинен башталды. Бирок укук коргоо органдары жөө жүрүштүн катышуучуларына Борбордук аянтка өтүүгө уруксат беришкен жок.

Жөө жүрүштө Орусияга күч менен чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөгө алып келүү, саясий туткундарды бошотуу жана сөз эркиндигин камсыздоо талабы коюлууда.

Жөө жүрүштүн катышуучулары “Тил кесмей-жок!” , “Болотко-боштондук!”, “Азаттыкка-азаттык!” , “Куугунтук болбосун!”, Эркин Кыргызстан!”, «Болот курчуйт, таш сынат!», «Активисттерге — боштондук!» деп ураан чакырышууда.  «Биз элге жарык чачабыз» деген ниетте, жөө жүрүштүн катышуучулары шам көтөрүп, мобилдик телефондогу жарыгын күйгүзүп, Кыргызстандын гимнин ырдашты.

«ПолитКлиника» медиасы жөө жүрүштөн түз эфир алып барууда.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтына расмий түшүндүрмөсүз  эки айга жабуу чечимин Европа / Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай эркин медианын үнүн басуу Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн — авторитардык ыкма экенин билдирген.

27-октябрда министрликтин адистери «Азаттык Медиа» мекемесинин каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, Human Rights Watch уюму, «Журналисттерди коргоо комитети» баштаган бир катар эл аралык уюмдар “Азаттыктын» сайтынын бөгөттөлгөнүн сындады.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды. Аны сот залынан кармап алып кетишти.

28-сентябрда Свердлов райондук сотунда судья Акылбек Адимов ага карата маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган чечим чыгарган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечимин чыгарган. Судья Болот Темировго тергөөчүлөр койгон айыптарга далил көрө албаганын белгилеген. Райондук соттун өкүмүнө нааразы болуп прокуратура шаардык сотко кайрылган.

Ал эми документ жасалмалоо деген берене боюнча айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы белгиленген эмес.

Болот Темировду Москвага депортациялашты. Болот Темиров Москва аэропортунда ФСБга сурак берди.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттер эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Камалган саясатчылар менен активисттердин көбү — «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрү. Камалгандар Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, активист Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, .Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Нурлан Асанбеков, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, .Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Талант Эшалиев жана башкалар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

"Болот курчуйт, таш сынат". Бишкекте «Эркиндик үчүн!» жөө жүрүшү өтүүдө (Видео)
Сүрөттөр: «ПолитКлиника».
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты