Блогер Батмакан Жолболдуева президенттин кабыл алуусунда болгонун, маселеси чечилгенин кабарлады  

Бүгүн, 27-октябрда блогер Батмакан Жолболдуева президентти кирип чыкканы, маселеси чечилгенин социалдык тармактарда билдирди.

«Садыр Нургожоевичтин кабыл алуусунда болдум. Сиздердин каалоо-тилектериңиздер менен ишим оңунан чечилди» деди блогер соицалдык тармактарда.

«Президент Садыр Жапаров мени бүгүн, 27-октябрда «Ынтымак Ордодо» кабыл алды. Менин көзүмчө баш прокурорго мени актоо жана мурдагы аскердик кызматымды калыбына келтирүү боюнча көрсөтмө берди» деди Батмакан Жолболдуева «Азаттыкка».

Блогер Батмакан Жолболдуева акыйкаттык издеп, 17-октябрда Баткенден Бишкекке карай президентке жолугуу максатында жөө жүрүшкө чыккан. 22-октябрдын кечинде кабарлангандай, президент Садыр Жапаров аны 27-октябрда кабыл ала турган болгонун айткан.

Буга чейин блогер Батмакан Жолболдуеванын Бишкекке карай жөө жүрүшүнө байланыштуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирүү жасаган.   

Жолболдуева 11-октябрда президент Садыр Жапаровдун, Баткен облусундагы эл менен жолугушуусунда жеке маселесин президентке айткан. Жолболдуеваны жеке маселеси боюнча облус башчысы бир канча жолу кабыл алган. Анын маселеси боюнча чечим кабыл алуу жагы көбүнчө укук коргоо органдарына сунушталган.

Батмакан Жолболдуева Баткендеги убактылуу кармоочу жайында көргөн кордуктары, зордукталганы тууралуу Фейсбук баракчасы аркылуу түз эфирде айтып чыккан. Ал билдирүү боюнча милиция чара көрбөгөндүгүн жана башка көйгөйлөр тууралуу айтып келет.

2023 жылы 23-майдагы сот отурумунда Батмакан Жолболдуева кылмыш кодексинин 190-беренеси, «Купуя жашоонун кол тийбестигин бузуу» менен айыпсыз деп табылды. Кылмыш кодексинин 280-беренеси «Ээнбаштык» менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыпка жыгылды.

Сүрөт: Батмакан Жолболдуева. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты