Сот Болот Темировду Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин карады. Сот Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды.

Болот Темировдун жактоочулары соттук коллегиядан Бишкектин Свердлов райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүнү жана алардын кардарын кылмыштын курамы жок деп толук актап берүүнү өтүнүшкөн эле.

Кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келген соттук коллегия журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарыла турганын билдирди.

Өкүм жарыялангандан кийин дароо Болот Темиров кармалып, коштоо менен сот залынан чыгарылды. Аны кайда алып кеткени белгисиз. Божомолдор боюнча убактылуу кармоочу жайда болушу мүмкүн.

Прокурор соттук коллегиядан Темировду ага тагылган Кылмыш-жаза кодексинин беренелери боюнча күнөөлүү деп табууну өтүндү. Ошондой эле соттолуучуга карата өлкөдөн чыгаруу беренесин колдонуу, анткени айыптоочунун айтымында, ал Кыргызстандын жараны эмес.

Сүрөт: Азаттык медиасы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты