Бишкек шаардык соту «Клооп» басылмасы боюнча административдик соттун чечимин жокко чыгарды

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаардык сотунун коллегиясы «Клооп Медиа» басылмасы боюнча Бишкек административдик сотунун «Клооп kg» сайтынын бөгөттөлүшүн туура эмес деп тапкан чечимин жокко чыгарды.  

Мындай чечимди бүгүн, 3-июнда, Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы кабыл алды.  

УКМК Бишкек административдик сотунун «Клооп» сайтынын бөгөттөлүшүн туура эмес деп тапкан чечимине каршы аппеляция берген.

«Клооп» басылмасынын адвокаты Фатима Якупбаева бул чечим мыйзамсыз экенин билдирди:

-Бүгүн, 3-июнда, 2024-жылы Бишкек шаардык сотунун коллегиясы Бишкек административдик сотунун 18-марттагы «Клооп» сайтын бөгөттөө туура эмес болгон деген чечимин жокко чыгарды. Административдик сотто маданият министрлигинин «Клооп kg» сайтын бөгөттөшү мыйзамсыз деген чечим чыгарган. Соттук коллегия бул чечим жокко чыгарылышы керектигин билдирди. Бул жалпысынан мыйзамсыз, чечим Интернет басылмалары, маалымат тараткандар үчүн коркунучтуу прецендент жаратат, тең салмакты сактабайт, мындай чечим менен маалымат таратуучуларга кайрылбастан эле, маданият министрлигине бөгөттөө боюнча кайсы бир инстанция кайрыла алат дегенди билдирет. Бул чечим жокко чыгарылыш керек, биз чечимге каршы даттанабыз,- деп билдирди «Клооп» басылмасынын адвокаты Фатима Якупбаева.

Бишкек шаарынын административдик соту маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Клооп” сайтынан материалды алып салуу чечимин жана сайттын бөгөттөлүшүн туура эмес деп тапкан.  

Адвокат Нурбек Сыдыковдун айтымында, эгер Бишкек шаардык соту да ушундай чечим кабыл алса, анда сайттын бөгөтү алынмак.   

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2023-жылы сентябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) арызынын негизинде “Клооптун” сайтындагы “Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де кыйноого кабылганын билдирди” деген жаңылыкты жалган деген негизде өчүрүүнү талап кылган. Сайтты бөгөттөөгө аталган материал негиз болгон.

2023-жылы 12-сентябрда “Клооп” басылмасы сайтындагы макала өчүрүлбөй турганын жарыялады. «Клооптун» орус тилиндеги сайты өткөн жылы 12-сентябрдан тартып жабылган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Клооп” басылмасынын кыргыз тилиндеги  ky.kloop.asia домениндеги сайтын бөгөттөгөн.

9-февралда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Клооп Медианы» жоюу чечимин чыгарган.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты