Бир мандаттуу үч округда ЖК депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө
- 4 месяца мурун
Бүгүн, 30-июнда, №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды.
Аталган бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо 8-июнда аяктады. Шайлоого 29 талапкер катышууда, анын ичинен — 2 аял. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга ниетин билдирип, 44 талапкер катышкан, анын арасынан 12 талапкер катышуудан баш тартты, үч талапкерге каттоодон баш тартылды.
№5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча тизмедеги шайлоочулардын саны 91 057, анын ичинен 45 529 эркектер жана 45 528 аялдар же 50% жана 50%.
№36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча тизмедеги шайлоочулардын саны 97 331, анын ичинен 47 541эркектер жана 49 790 аялдар же 48,84% жана 51,16%.
№29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 122 975, анын ичинен 52 271 эркектер жана 70 704 аялдар же 42,51% жана 57,49%.
№29 Свердлов шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмеси
Бишкек шаарынын Свердлов шайлоо округу боюнча 5 талапкер катталды.
№36 Ысык-Көл шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмеси
Ысык-Көл шайлоо округу боюнча 15 талапкер катталды.
№ 5 Ноокат шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмеси
№5 Ноокат шайлоо округу боюнча, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча жана Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024 –жылдын 30- июнуна дайындалган.
23-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Ноокат шайлоо округунан депутат Жусупбек Коргонбай уулун мандатынан ажыратты. 22-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган.
Ысык-Көлдөн шайланган Максатбек Сарбагышев 25-апрелде мандатын тапшырган. Бишкек шаарынын административдик соту Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан депутат Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды.
Шайлообек Атазов 2022-жылы февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган.