Үч шайлоо округу боюнча талапкер каттоо аяктады

  • 2 месяца мурун

№5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо 8-июнда аяктады.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Шайлоого 29 талапкер катышууда, анын ичинен 2 аял.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга ниетин билдирип, 44 талапкер катышкан, анын арасынан 12 талапкер катышуудан баш тартты, үч талапкерге каттоодон баш тартылды.   

№29 Свердлов шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмеси

Бишкек шаарынын Свердлов шайлоо округу боюнча 5 талапкер катталды.

№36 Ысык-Көл шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмеси

Ысык-Көл шайлоо округу боюнча 15 талапкер катталды.

№ 5 Ноокат шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмеси

Ноокат шайлоо округу боюнча 9 талапкер катталды.

№5 Ноокат шайлоо округу боюнча, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча жана Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024 –жылдын 30- июнуна дайындалды.

23-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Ноокат шайлоо округунан депутат Жусупбек Коргонбай уулун мандатынан ажыратты. 22-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. 

Ысык-Көлдөн шайланган Максатбек Сарбагышев 25-апрелде мандатын тапшырган. Бишкек шаарынын административдик соту Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан депутат Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды.

Шайлообек Атазов 2022-жылы февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты