Баткендиктерге гуманитардык жардам берилүүдө

  • 2 года мурун

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Ош облусунан баткендиктерге жардамдар келип түштү.

Азык-түлүк 3 фура жана өзгөчө кыраалдар министрлигинин эки КАМАЗ менен жеткирилди.

Гуманитардык жардам негизинен — азык-түлүк, тамак аш азыктары.

Маалыматка ылайык, кыргыз -тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышууга байланыштуу Баткен эли үчүн өлкөнүн башка облустарынан да гуманитардык жардамдар жөнөтүлүүдө.

Тажикстан кайрадан макулдашууну бузуп, саат 8:50дөн 8:55ке чейин Баткен районунун Паскы-Арык тилкесине минометтон ок чыгарды. Аткылоо саат 8:55те токтогон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында 17-сентябрда саат 8:00 гө карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курч бойдон, турукташуу тенденциясы бар экенин, чек ара аймагында түн тынч өткөнүн кабарлаган.

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта ылайык, 24 киши  каза таап, дагы 87 киши жарадар болгонун билдирди. Министрлик жараат алган беш бала Бишкекке жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-сентябрь, cаат 21:00гө карата жалпы 136 миңден ашуун адам коопсуз аймакка эвакуацияланганган.

Баткендиктерге гуманитардык жардам берилүүдө
Сүрөттөр: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты