Баткенде чек арада курман болгондор эскерилди

  • 1 год мурун

Бүгүн, 23-февралда, Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармонияда Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата салтанатуу азем өттү. Ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, Президент Садыр Жапаровдун атынан куттуктоо сөзүн айтты.

Ошондой эле 2022-жылдын 16-сентябрында Баткендеги чек арада орун алган каргашалуу окуяда каза болгондор эскерилип, мекен үчүн мерт кеткен эр азаматтардын жакындарына көңүл айтылды.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 183 киши жабыркады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Өз сөзүндө УКМКнын төрагасы өлкөнүн коопсуздугу, өнүгүшү жана чек аранын бүтүндүгү үчүн кызмат өтөп жаткан эр азаматтардын эрдиги, баатырдыгы, билими күчтүү мамлекеттин тиреги жана күчтүү армия чептен эрдин күчү бек болорун баса белгиледи.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

 

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты