Баткен жана Ош облусуна жардам үчүн  179 млн сомго жакын каражат чогулду

  • 2 года мурун

Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева “Кабар” агенттигинде өткөн түз эфирде 20-сентябрь 17:30да финансы министрлигинин эсебине 178 819 602 сом түшкөнүн билдирди.

Ошондой эле Президенттин жарлыгына ылайык, Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча биринчи кезектеги иш-чараларда Министрлер кабинетине убактылуу турак жай уюштуруу, жаңы үй куруу, калкты зарыл болгон турак-жайлар менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча, буюмдар, кийим-кече, дары-дармектер, укук коргоо органдарынын чек ара заставаларын, социалдык объектилерди калыбына келтирүү тууралуу бир катар тапшырмалар берилди.

Бул иш-чара кошумча каражатты талап кыла тургандыктын, финансы министрлиги бул иш-чараларды каржылоо үчүн каражат булактарын аныктоонун үстүндө иштеп жатат. Бекитилген бюджет учурдагы кырдаалга байланыштуу приоритеттүү багыттар боюнча оптималдаштырылат жана кайра бөлүштүрүлөт.

Бүгүнкү күндө аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө Президенттин жарлыгы кабыл алынган. Бул жарлыкка ылайык, 1-октябрдан тарта өлкөнүн аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине үстөк акылар жогорулатылат.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты