Жогорку Кеңеш мектептерде мыйзамсыз акча чогултууларга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды
- 2 недели мурун
27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Билим берүү жөнүндө» мыйзамына, укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда колдоого ээ болду.
Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева.
Мыйзам долбоору мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылууга, мыйзамсыз акча чогултууларды, анын ичинде мектептерде коомдук фонддорду түзүүнү болтурбоо максатында жоопкерчилиги күчөтүлүп иштелип чыккан. Мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталса, укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу сунушталууда.
Мыйзам долбоорун талкуулоодо депутаттар мектептерге чарбалык иштерин жүргүзүүгө, оңдоп-түзөө иштерине ыктыярдуу демөөрчүлүк кылууга мүмкүнчүлүк берүү, республикалык бюджеттин эсебинен билим берүү имараттарынын шартын жакшыртууга жеткиликтүү каражат бөлүү сыяктуу бир катар маселелерге көңүл бурушту.
Ошондой эле жыйында “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева таныштырды. Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кесиптик жогорку билим берүүнүн адистештирилген жогорку окуу жайынын мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу жана жетекчисин дайындоо тартиптерин аныктоо максатында иштелип чыккан. Атап айтканда, жаңыдан уюшулган Юридикалык академиянын жетекчисин дайындоодо башкы прокурорго ыйгарым укук берүү сунушталууда.