Криптавалюта шылуундарына эл алданып калбаса экен. Депутаттар маселе көтөрдү

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 5-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында криптавалюта шылуундары боюнча депутаттар Бакыт Калпаев, Бекмырза Эргешов жана Марлен Маматалиев маселе көтөрдү.

— Бүгүнкү күндө шылуундар, аферисттер, элдин ишенимине кирип алып, ар кандай суммадагы акчаны алып, ошол эле убакта алдашууда. Бир мисалды айтып кетким келет: Мына, Интернетте MCN coin криптавалюта деп ачып алып, азыр акча салсаңар, эки айда 100 миң сом, бир жылда 100 миң доллар болот деп, бүтүндөй Кыргызстанды кыдырып, алдап жүрүшөт. Ушуларга жазаны күчөтпөсөк, эртең “урматтуу президент, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич” деп кайрылууларды жасай баштайт. Ошол себептен тез арада ушул MCN coin сыяктуу криптавалюта деп ачып алып, элди алдап жүргөн шылуундарга катуу жаза берүүгө чакырам. Мындай жеңил акчага азгырылып, массалык түрдө мындай жолдорго баргандарга, элге кайрылуу жасап, ушул шылуундарды, аферисттерди жоопко тартууга чакырам. Күндөн-күнгө буга алдангандардын саны көбөйүн бара жатат, -деди депутат Калпаев.

Депутат Бекмырза Эргешов да бул маселе боюнча кесиптешинин айткандарына кошулду:

-Ушул боюнча иш алып барыш керек. Чынында эле, бир айда бир долларды, бир монетаны жүз миңге чейин чыгарам деп жатышат. Албетте, биздин жарандарыбыздын байып кетишин баарыбыз эле каалайбыз. Бул дагы “Ихсанга” окшоп, кийин бүт жарандарыбыз сызга олтуруп калбаса. Ушуга ички иштер министрлигине, санариптик министрликке жана Улуттук банк маалымат берсе. Чынында эле кандай, жалганбы же чынбы? Ушу боюнча иш алып барбасак, кеч болуп калат,-деди депутат Эргешов.

Ошондой эле депутат Марлен Маматалиев да криптавалюта шылуундары боюнча дагы бир топ уюмдар шылуундук кылып жатканын жана алдын ала чара көрүүнү өтүндү.

Чынында эле Интернет булактарда MCN coin деп, элди байытам дегендер чыгып жатат.     

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан             

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты