Ноокен районунда кесиптик лицейдин мурдагы жана азыркы директору кармалды

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Ноокен районунун Арал айылында жайгашкан №68 кесиптик лицейдин студенттерине мыйзамсыз диплом берүү жана жооптуу адамдарынын акча каражатын ыйгарып алуу фактылары аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

“Лицейдин кызмат адамдары 2019-жылдан бери республикалык бюджеттен стипендия жана тамактануу үчүн бөлүнгөн акча каражаттарын мыйзамсыз ыйгарып, ошондой эле иш жүзүндө окубаган жана Кыргызстандын чегинен тышкары жүргөн 18 студентке баа коюу жана диплом берүү менен алектенишкени такталды. 1-апрелде козголгон кылмыш иштин алкагында №68 лицейдин директору М.А.П. жана мурдагы директор Т.Т.К. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Аларды 2025-жылдын 24-апрелине чейин «камакка алуу» түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды” деп айтылат маалыматта.

Тергөө  иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты