Мектептерде акыркы коңгуроо 29-майда кагылат
- 3 месяца мурун
Кыргызстандын мектептеринде акыркы коңгуроо 29-майда өтөтө. Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарында өткөрүлүүчү «Акыркы коңгуроо» салтанатына бүтүрүүчүлөрдөн, ата-энелерден жана мыйзамдуу өкүлдөрдөн акча каражаттарын чогултууга тыюу салынарын эскертет.
Бул талаптар коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, ата-энелерге кошумча материалдык басым көрсөтүүгө жол бербөө жана билим берүү чөйрөсүндө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында киргизилген.
Агартуу министрлиги мектеп жетекчилерин, мугалимдерди жана ата-энелерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.
«Акыркы коңгуроо» майрамы коопсуз жана ашыкча чыгымсыз өткөрүлүшү керек.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




