Омуртка булчуң атрофиясына чалдыккан балдарга өтө кымбат дары үчүн каражат чогултулууда
- 1 месяц мурун
Учурда СМА (спинальная мышечная атрофия), омуртка булчуңдарынын атрофиясы дарты менен ооруган Хамза, Аслан, Байхан аттуу балдарга кайрымдуулук каражаты чогултулуп жатат. Бүгүн Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинде “Кыргызфармациянын” директорунун орун басары Наргиза Тохтасинова депутаттардын суроосуна жооп берди:
-СМА дарты менен Кыргызстанда 28 бала ооруйт, 100 млн сомго 240 флакон “Рисдиплам” дарысын алып келишкен. “Рисдиплам” дарысынын бир флакону — 5 миң доллар. Ал 8 балага жеткен, андан кийин дагы 100 млн сом бөлүнүп, дагы 8 балага сайылган,- деди ал.
Ошондой эле сейрек кездешүүчү “Золгенсма” дарысы да колдонулат, бирок анын баасы бир уколу 170 млн сом турат.
СМА дартын үч дары -«Рисдиплам», «Золгенсма» жана «Спинраза» жеңилдетет. Ал эми «Рисдиплам» патенттелген жана салыштырмалуу арзаныраак дары.
Ал эми депутат Винера Райымбачаева СМА дарты менен 31 бала ооруй турганын кошумчалады.
Алып келинген “Рисдиплам” дарысы ооруган балдардын баарына жетпегендиктен, СМА менен ооруган балдарга өтө кымбат, бир ампула 170 млн сом же 2 млн доллар турган дарыга акча чогултулуп жатат.
Депутат Советбек Рустамбек уулу элге ыраазылык айтуу керектигин, бирок эл кайрымдуулук каражатын дайыма эле чогултуп бере албасын айтып, бул маселеге адистер тарабынан толук жооп болбогонун билдирди.
Омуртка булчуңдарынын атрофиясы дарты менен ооруп калган Аруузатка үч жыл мурда дүйнөдө эң кымбат деп эсептелген “Золгенсма” аттуу дары кайрымдуулук каражатына сайылган, анын бир ампуласынын баасы 2 миллион доллардан ашык турат ашык турат. Бирок ал дары Аруузатка эффектин берген эместигин жана «Рисдиплам» сайгандан кийин абалы жакшырганын Тохтасинова айтты.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан