УТРК кызматкерлери мыйзамсыз акча коротууга шектелгендигин ЖМК жазды. УТРК ал маалымат чындыкка дал келбесин билдирди    

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети КТРКнын көптөгөн миллион сомдук акчаны мыйзамсыз короткондугу боюнча кылмыш иши козголгонун жеке булактарына таянып, Kaktus.media билдирди. Ошондой эле бир катар басылмалар да жазып чыкты.

Басылма жазгандай, болжолдуу маалыматтар боюнча, сөз Париж Олимпиадасынан түшкөн 200 млн сом жана чет өлкөлөрдөн келген гранттар тууралуу болууда.    

Басылманын жеке булактары спорттук ири иш-чара аяктагандан кийин, айрым жооптуу жетекчилер ар кандай мүлк, анын ичинде автомашиналарды алышканын билдирген.  

Ошондой эле КТРКнын алдындагы “Кыргызтелефильм 25 млн сом боюнча иш иликтенип жатканы айтылды. Бул иш боюнча бир жетекчи кармалып, эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулганы белгиленди.  

УТРК ЖМКдагы маалыматтар чындыкка дал келбейт деген билдирүү таратты. Париждеги Олимпиада оюндарынын трансляциясын сатып алуу боюнча  баштапкы сүйлөшүүлөрдө лицензиянын баасы 1,5 миллион доллар деп белгиленген. Бирок тараптар 100 миң долларга келишкен. Бул чыгымдар жарнама жана кабелдик телеканалдарга сатуу жолу менен жабылып, УТРК киреше тапкандыгы айтылды.

“Евро-2024” футбол чемпионатынын трансляциясы боюнча  УТРК мамлекеттик казынадан бир тыйын да короткон эместигин, чыгым жеке өнөктөш компания тарабынан жабылганын билдирди. Ошондой эле, УТРК “Евро-2024” трансляциясынан кошумча киреше тапкан.

Ири турнирлер аяктагандан кийин айрым жооптуу жетекчилер ар кандай мүлктөрдү, анын ичинде автоунааларды сатып алган деген маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди УТРК.

“Кыргызтелефильм” боюнча тарыхый көркөм тасма тартылганы, экинчи тасмага даярдык жүрүп жатканын белгиледи.

Сүрөт: УТРК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты