Баткен: Жалпысынан кырдаал тынч (Видео)

Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арасында  21-сентябрдан 22-сентябрга караган түн тынч өттү. Жалпысынан алганда кырдаал тынч.

Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдыкерим Алимбаев билдирди.  

Эки өлкөнүн облус жетекчилигинен түзүлгөн иштөө тобу бүгүн да чек арада иш алып барышат.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 183 киши жабыркады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты