Баткен облусуна гумжардам жеткирилүүдө

  • 2 года мурун

Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 177 тонна гумжардам жеткирилди. Мындан сырткары Бишкек шаарынан 160 тонна гумжардам 8 оор жүк ташуучу унаага жүктөлүп жөнөтүлдү.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, бардык облустарда гуманитардык жардам чогултуу боюнча жалпы 162 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат, алар: Ош облусунда — 44, Жалал-Абад облусунда – 12, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 69, Талас облусунда – 17, Чүй облусунда – 12, Ош шаарында -1, Бишкек шаарында – 1 пункт.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Тажикстандын Кыргызстанга кол салганынын кесепетинен 37 кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Ал эми жаракат алгандардын саны 129га жетти.

Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. 

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди  айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты