Каза болгондордун саны 37, жарадарлар 129
- 2 года мурун
Тажикстандын Кыргызстанга кол салганынын кесепетинен 37 кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ал эми жаракат алгандардын саны 129га жетти.
Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды.
Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.
Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 177тн гумжардам жеткирилип, Мындан сырткары Бишкек шаарынан 160тн гумжардам 8 оор жүк ташуучу унаага жүктөлүп Баткен облусуна жөнөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, бардык облустарда гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 162 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат, алар: Ош облусунда — 44, Жалал-Абад облусунда – 12, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 69, Талас облусунда – 17, Чүй облусунда – 12, Ош шаарында -1, Бишкек шаарында – 1 пункт.