14 жашар Амир Кунакуновдун өлүмүнөн кийин министр Чыныбаевге катуу сөгүш берилди. Үч жетекчи кызматтан бошотулду

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш түрүндө жаза берилди. Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов, кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун башчысы Азис Эгембердиев, Куткаруучуларды даярдоо борборунун башчысы Тынарбек Мурашов кызматтан алынды.

Текшерүү ыкчам чара көрүүнү уюштурууда, маалыматты өз убагында өткөрүп берүүдө, куткаруу бөлүмдөрүнүн аракеттерин координациялоодо жана ведомстволук контролдо олуттуу кемчиликтерди аныктады. Атап айтканда, окуя тууралуу маалыматтын ӨКМдин тиешелүү бөлүмдөрүнүн жетекчилигине өз убагында жеткирилбегендиги, нөөмөт кызматтары менен куткаруу топторунун ортосунда өз ара аракеттенүү жетишсиз болгондугу, ошондой эле издөө-куткаруу иш-чараларын уюштурууда жана координациялоодо кемчиликтерге жол берилгендиги боюнча фактылар аныкталды.

Аныкталган жагдайлар уюштуруучулук жана кадрдык чараларды кабыл алууну талап кылды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
Президент Садыр Жапаровдун чечими менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге ишти уюштурууда олуттуу кемчиликтерге жол берилгендиги жана өзүнө караштуу бөлүмдөрдө ведомстволук контролдун жетишсиздиги үчүн катуу сөгүш жарыяланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин чечимдери менен Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов жана ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Азис Эгембердиев кызматтарынан бошотулду.

ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо боюнча мамлекеттик борборунун башчысы Тынарбек Мурашов кызматынан бошотулду. Кабыл алынган тартиптик жана кадрдык чаралар менен катар окуяга укуктук баа берилет.

Аскер прокуратурасы тарабынан шалаакылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн алкагында окуянын жагдайлары, жашы жете элек өспүрүмдү куткаруу үчүн кабыл алынган чаралардын өз убагында жана толук болушу, ошондой эле ӨКМдин жооптуу кызмат адамдарынын аракеттери жана аракетсиздиги ар тараптуу изилденет.

7-ноябрда Ала-Арчада капчыгайында адашып, ӨКМден жардам ала албай 14 жашар Амир Кунакуновдун каза тапты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча, 7-ноябрда саат 19:02де өспүрүм «112» номуруна чалып, Адыгине чокусунан түшүп келе жатып, адашып кеткенин билдирген. Тоодо байланыш начар болуп, мааалыматты саат 22де гана ал жактагы куткаруучуларга берүүгө мүмкүн болгон. Куткаруучу топ экиге бөлүнүп, бири туристтерди куткарса, экинчи топтогу үчөө Электро чокусуна өспүрүмдү издөөгө чыгышкан.

Жакындарынын айтуусу боюнча, Амир 7-ноябрда эртең менен, саат 7ге жакын Ала-Арча капчыгайында чуркоо боюнча мелдешке катышуу үчүн чыгып кеткен. Аны жаш курагына байланыштуу мелдешке катыштырышкан эмес, өспүрүм Адыгине капчыгайы тарапка бет алган.

8-ноябрда ӨКМ куткаруучулары жана альпинисттер өспүрүмдүн рюкзагын табышкан. 9-ноябрда саат 16ларда Ала-Арча капчыгайынын Электро чокусунда таштардын арасынан Амир Кунакуновдун сөөгү табылган. Баштапкы болжолдуу маалымат боюнча өспүрүм тоодо үшүгөнүнөн улам каза тапкан.

Социалдык тармактарда Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевди кызматтан бошотуу талабы көбүрөөк айтылууда. Анын себеби тоодо 14 жашар Амир Кунакунов адашып кеткендигин айтып, «112» номуруна ӨКМ телефон чалган. Анын тоонун кайсы жеринде турганы да аныкталган. Ал эми диспетчер тарабынан куткаруучуларга кабар үч сааттан кийин гана жетип, алар куткарууга баргыча түн кирген. Тик учак менен издөө 9-ноябрда гана мүмкүн болгон.14 жашар өспүрүм тоодо жалгыз жардам күтүп жүрүп, 9-ноябрда саат 16ларда сөөгү табылган.

Сүрөттө: ӨКМден жардам ала албай кырчын өмүрү кыйылган Амир Кунакунов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты