Чоң-Алайдын 5 миңден ашык тургуну эвакуацияланды

  • 2 года мурун

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан бүгүнкү күнгө чейин жалпы 5034 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын ичинен 92 адам убактылук жайгашуу пунктуна калган 4942 жаран жакындардыкына жайгаштырылды. Учурда тамак-аш жергиликтүү бийлик тарабынан берилүүдө. Чон-Алай району боюнча эвакуациялоо иш-чараларына Жарандык коргонуу кызматтарынан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жалпы 185 кызматкер, 12 техника жана ошондой эле жергиликтүү тургундардан 673 жаран, 149 техника тартылган. ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан Чоң-Алай районуна матрац 80, жаздык 44, жууркан 500 даана башкармалык тарабынан бөлүнүп берилди.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Бүгүн саат 12:37де тажик тарап Чоң-Алай районунун айылдарындагы кыргыз чек арачыларын көздөй ок атты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты