Сокулук районундагы мектептен чыккан өрт өчүрүлдү
- 2 часа мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 29-октябрда, Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айылындагы мектептен чыккан өрт саат 12:36да толук өчүрүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин баштапкы маалыматы боюнча, өрт 11:30 чамасында чыккан. Өрттөн 120 киши өз алдынча, андан кийин бардык окуучулар эвакуацияланган, жабыркагандар болгон эмес.
Өрттү өчүрүүгө төрт бөлүм тартылган. «Тилсиз жоо» саат 12:36да толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 60 чарчы метрди түздү. Өрттүн себеби иликтенүүдө. Баштапкы маалымат боюнча, экинчи кабаттагы бөлмөлөрдүн биринде электр жылыткыч батареясынын жарылуусунан чыккан
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




