Баткен облусунан 136 770 адам эвакуацияланды  

  • 2 года мурун

17-сентябрь саат 12 ге карата жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Жалпы Баткен облусу боюнча убактылуу кабыл алуу жайлары ачылып, ага 4458 жаран жайгаштырылган.

Жогоруда Баткен облусу боюнча аталган иш-чараларга Жарандык коргонуу кызматтарынан 7498 кызматкер, 335 техника тартылган (анын ичинен ӨКМден 406 кызматкер, 25 техника). Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан, Ош облусунан жана БУУдан товардык материалдык баалуулуктар жөнөтүлдү. Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 106,6 тонна гумжардам жеткирилип, анын ичинен 33,5тн гумжардам Маргун айыл аймагына таратуу үчүн жөнөтүлгөн.

Баткен облусунун жарандык коргонуунун башчысы –ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин 2022 жылдын 16-сентябрындагы буйругунун негизинде Баткен облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында 17-сентябрда саат 8:00 гө карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курч бойдон, турукташуу тенденциясы бар экенин, чек ара аймагында түн тынч өткөнүн кабарлаган.

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта ылайык, 24 киши  каза таап, дагы 87 киши жарадар болгонун билдирди. Министрлик жараат алган беш бала Бишкекке жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты