Ала-Арча капчыгайында каза тапкан Амир Кунакуновдун сөөгү жерге берилди
- 4 часа мурун
- Жаңылыктар
Ала-Арчада адашып, ӨКМден жардам ала албай каза тапкан Амир Кунакуновдун сөөгү бүгүн, 10-ноябрда жерге берилди. Анын тажыясына тергөө абагында жаткан атасы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Максат Кунакуновго уруксат берилип, уулунун тажыяга катышты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча, 7-ноябрда саат 19:02де өспүрүм «112» номуруна чалып, Адыгине чокусунан түшүп келе жатып, адашып кеткенин билдирген. Тоодо байланыш начар болуп, мааалыматты саат 22де гана ал жактагы куткаруучуларга берүүгө мүмкүн болгон. Куткаруучу топ экиге бөлүнүп, бири туристтерди куткарса, экинчи топтогу үчөө Электро чокусуна өспүрүмдү издөөгө чыгышкан.
Жакындарынын айтуусу боюнча, Амир 7-ноябрда эртең менен, саат 7ге жакын Ала-Арча капчыгайында чуркоо боюнча мелдешке катышуу үчүн чыгып кеткен. Аны жаш курагына байланыштуу мелдешке катыштырышкан эмес, өспүрүм Адыгине капчыгайы тарапка бет алган.
8-ноябрда ӨКМ куткаруучулары жана альпинисттер өспүрүмдүн рюкзагын табышкан. 9-ноябрда саат 16ларда Ала-Арча капчыгайынын Электро чокусунда таштардын арасынан Амир Кунакуновдун сөөгү табылган. Баштапкы болжолдуу маалымат боюнча өспүрүм тоодо үшүгөнүнөн улам каза тапкан.
Социалдык тармактарда Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевди кызматтан бошотуу талабы көбүрөөк айтылууда. Анын себеби тоодо 14 жашар Амир Кунакунов адашып кеткендигин айтып, «112» номуруна ӨКМ телефон чалган. Анын тоонун кайсы жеринде турганы да аныкталган. Ал эми диспетчер тарабынан куткаруучуларга кабар үч сааттан кийин гана жетип, алар куткарууга баргыча түн кирген. Тик учак менен издөө 9-ноябрда гана мүмкүн болгон.14 жашар өспүрүм тоодо жалгыз жардам күтүп жүрүп, 9-ноябрда саат 16ларда сөөгү табылган.
Сүрөттө: Амир Кунакунов. Социалдык тармактан




