Баткен: Облустук милиция кызматкерлери жергиликтүү элге жардам берүүдө

  • 2 года мурун

Коопсуз жайларга көчүрүлгөн жарандар үйлөрүнө кайтып жатканына байланыштуу, Баткен облусунун милиция кызматкерлери жарандарга үйлөрүн иретке келтирүү үчүн жардам берип жатышат.

Ошону менен бирге милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга укук
бузууларга, чагымчыл аракеттерге жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери  жүргүзүлүп, үйлөрүнө көчүп жаткан жарандардын коопсуздугу  камсыздалууда.

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстандын кол салуусунан алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 414 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты