Электрондук капчыктан мыйзамсыз ири суммадагы акча чыгарып алуу фактысы боюнча төрт шектүү кармалды
- 1 день мурун
- Жаңылыктар
Бишкек шаардык милиция кызматкерлери тарабынан электрондук капчыктан акчаны мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы аныкталды.
Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.
Баштапкы маалыматтар боюнча, бир нече электрондук транзакция жүргүзүү аркылуу жалпы суммасы 11 млн 535 миң 131 сомду түзгөн акча каражаттары мыйзамсыз чыгарылган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында төрт жаран кармалды. Алар: Ш.А.Т., 2004-жылы туулган; К.Н.Н., 2004-жылы туулган; Ш.Т.Ш., 1996-жылы туулган жана Т.Б.А., 1996-жылы туулган.
Окуянын бардык жагдайларын аныктоо, ошондой эле кармалган ар бир жарандын аракеттерине укуктук баа берүү максатында тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: ИИМ
Муну бөлүшүү




