Кызыл-Кыяда күйөөсү аялын уруп-сабап, муунтуп өлтүрүүгө шектелүүдө

Кызыл Кыя шаарында аялын уруп-сабап, муунтуп өлтүрүүгө шектелген М.К. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 31-октябрда саат 11:20 чамасында Караван айылынын тургуну, 2002-жылы туулган Д.С. каза болгон абалда ооруканага жеткирилгендиги тууралуу милицияга кабар түшкөн.

Маалымат Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Алгачкы териштирүнүн жүрүшүндө маркумдун өлүмүнө анын өмүрлүк жолдошу, 1995-жылы туулган М.К.нын тиешеси бар экени шектелген.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, кызганычтын айынан, жубайлардын пикирлери келишпей урушуп, күйөөсү аялын уруп-сабап, муунтун өлтүргөн деген шек жаралган.

Аталган факты боюнча Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаша кодексинин 122-беренеси, тактап айтканда адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгоню

Кылмышка шектүү М.К. жактоочунун катышуусунда шектүү катары суракка алынган жана убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилүү болгондой, жубайлар 2020-жылы баш кошкон. Маркум аял турмушка 18 жашында чыккан.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты