Баткен: Электр жарыгын оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы кечээ, 27-январда болуп өткөн окуядан улам Баткен районунун Көк-Терек, Көк-Таш участкаларында электр энергиялары үзгүлтүккө учураган болчу. Азыркы күндө эки тараптын адистери ошол жерлерде электр энергиясын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Энергетика министрлиги тараткан маалыматта, Баткенде электр чубалгыларын оңдоп-түзөө иштеринде Ошэлектронун кызматкерлери оперативдүү түрдө иштеп жатканы маалымдалды. Жакын арада ар бир үйгө электр энергиясы кошулат.

Электр жарыгы облустун Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдарында өчкөн. Ошэлектро Баткен РЭСинде электр зымдары үзүлгөндүгүн, ошол учурдагы абалга байланыштуу оңдоо иштерин жүргүзүү мүмкүн эместигин билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы кечээ, 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

27-январда саат 19:30ка карата  жол кайрадан ачылган. Бирок саат 19:35те тажик тарап Баткен районунда Чыр-Дөбө жергесинде ок атуучу курал колдонулгандыктан, абал оорлоп кеткен.   

Ок атышуу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө тарапта болууда. Тажик тарап миномет жана гранатомет колдонуп жатканын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын турак жайлары, 707 аскер бөлүгүнүн имараты жабыркап, аскер кызматкерлерине жана 1 жаранга ок тийип, денелеринен алган жараатынан улам Баткен биргелешкен ооруканасына жеткирилген. 11 аскер адамы жаракат алган.
Аталган факт боюнча Баткен РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып, тергөө иштери башталды.

Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жер кыргызстандыктарга Төрт-Көчө деген ат менен белгилүү. Ал жерден Кыргызстандын Баткен — Исфана жана Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты