Баткен районунун айрым айылдары жарыксыз калды

  • 2 года мурун

Баткен районунун айрым айылдарында электр жарыгы өчкөндүгү маалым болду.

Электр жарыгы Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдарында өчкөн.

Ошэлектро Баткен РЭСинде электр зымдары үзүлгөндүгүн, учурдагы абалга байланыштуу оңдоо иштерин жүргүзүү мүмкүн эместигин билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы бүгүн, 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүндө тастыкталгандай,  Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө жергесиндеги жол Тажик жарандары тарабынан бир тараптуу жабылган. 27-январда саат 19:30ка карата  жол кайрадан ачылган.

Бирок саат 19:35те тажик тарап Баткен районунда Чыр-Дөбө жергесинде ок атуучу курал колдонулгандыктан, абал оорлоп кеткен.   

Ок атышуу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө тарапта болууда. Тажик тарап миномет жана гранатомет колдонуп жатканын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты