“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу камакка алынды

  • 7 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 25-сентябрдагы чечими менен “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу 20-октябрга чейин камакка алынды.

Шамшидин уулу 21-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кармалган.

Шамшидин уулунун адвокаты Алманбет Бексултановдун айтымында, кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга чакырыктар”) менен кылмыш иши 8-сентябрда козголгон. 13-сентябрдагы Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдындагы митингден кийин 278-беренеге (“Массалык баш аламандыктар”) алмаштырылган.

13-сентябрда Бишкек шаардык сотунун алдында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун жактооочуларынын митинги өткөн. Анда митингчилер «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Мадумаровду бошотуу талабын коюшкан.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.
Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-сентябрда кабыл алды.
Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюшуна байланыштуу Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлуп жатканын айтып, билдирүү таратты.

Соңку эки жылда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын 18ден ашык мүчөсү бийлик тарабынан камоолорго, кысымдарга кабылгандыгы айтылып келет.

Сүрөттө: Замирбек Шамшидин уулу. Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты