Чүй облусунда энесин сабоого жана кыйноого шектелген жаран кармалды

  • 4 недели мурун

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, энесин уруп-сабоого, кыйноого шектелген Ж.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Райондук соттун чечими менен аны эки айга камакка алуу чечими чыгарылды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы (ИИБ) билдирди.   

2025-жылдын 29-декабрында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Полтавка айылынын тургуну, 1985-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран, 1981-жылы туулган Ж.С. аттуу бир тууган агасына чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал арызында, 2025-жылдын 28-29-декабрына караган түнү агасы Ж.С. өз үйүндө, 1950-жылы туулган Ж.М. аттуу энесин уктап жаткан учурда жаздык менен муунтуп өлтүрүүгө аракет кылганын билдирген. Жабырлануучу каршылык көрсөткөн учурда, ал бир нече жолу урган.

Аталган факт каттоого алынып, кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү Ж.С. тарабынан жубайы А.Г. менен «WhatsApp» мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлгөн кат алышуулар текшерилип, анда энеси Ж.М.ни өлтүрүү ниети тууралуу билдирүүлөр бар экени аныкталган.

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, шектүү Ж.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Райондук соттун чечими менен ага карата эки ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Аталган кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.

Сүрөт: Чүй ИИБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты