Шаардык соттун алдында Адахан Мадумаровдун жактоочуларынын митинги уюштурулду (Видео)

Бүгүн, 13-сентябрда, Бишкек шаардык сотунун алдында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун жактооочуларынын митинги өтүүдө.

Шаардык сот бүгүн Адахан Мадумаровдун ишин карайт.

Чогулгандар «Адахан Мадумаровду чыккынчылык беренеси менен камоого макул эмеспиз!» , «Бешинчи микрофон- элдик микрофон!» деп кыйкырышууда. Алар Мадумаровдун бошотулушун талап кылышууда.

Шаардык соттун алдында Адахан Мадумаровдун жактоочуларынын митинги уюштурулду (Видео)
Шаардык соттун алдында Адахан Мадумаровдун жактоочуларынын митинги уюштурулду (Видео)
Шаардык соттун алдында Адахан Мадумаровдун жактоочуларынын митинги уюштурулду (Видео)

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган.
Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлуп жатканын айтып, билдирүү таратты.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалып алынган.
“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.
Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-сентябрда кабыл алды.
Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюшуна байланыштуу Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине 
тартууга уруксат берди.
Ал эми Кемпир-Абад иши боюнча аны жоопкерчиликке тартуу сунушу колдоо тапкан жок. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бул сунушуна жыйынга катышкан 17 депутат каршы болсо, калгандары макул болгон.
Мадумаров ИИМдин имаратынан чыгып, сотко алып кетип баратканда журналисттерге кыска жооп берип, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы боюнча кол коюлган протоколго байланыштуу кармалганын айтып, муну “жомок” деп баалаган. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-жылдын 5-октябрынан 2009-жылдын 26-октябрына чейин аркалаган.
Сүрөттөр: Бүгүнкү митингден. “ПолитКлиника”.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты