Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов эки айга камалды
- 4 месяца мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) турдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов эки айга камакка алынды.
Бул тууралуу чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.
Адвокат Мунарбек Супатаевдин айтымында, Анаркулов массалык башаламандыкты уюштуруу беренси боюнча айыпталууда.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев тарапташы Нургазы Анаркуловдун кармалганы тууралуу ЖМК өздүк булактарына таянып билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.
Камчыбек Ташиев социалдык тармактар аркылуу комментарий бергенин Нургазы Анаркулов жарыя кылган. Камчыбек Ташиев анын кызматтан алынышы күтүүсүз болгонун, ал күндөрү Германияда дарыланып жатканын билдирген.
Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин, Германиядагы дарылануусун толук аяктабай, Кыргызстанга кайтып келген.
Президент «Кабар» агенттигине берген маегинде Камчыбек Ташиевди кызматтан алгандан кийин аны менен жолукканын билдирди.
Ташиевдин чет өлкөгө убактылуу чыгып кеткенин журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбук баракчасында билдирди.
Жумгалбек Шабданбеков УКМК ьөрагасы болуп дайындалды.
Сүрөттө: Нургазы Анаркулов. Интернет булактарынан




