УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы камакка алынды
- 2 недели мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Чүй облустук башкармалыгынын башчысы Тилек Абдыкалыков 15-апрелге чейин камакта калтырылганын ЖМК жазды.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими чыкты.
Ага кылмыш-жаза кодексинин коррупция беренеси боюнча айып тагылууда.
Тилек Абдыкалык Аскер прокуратурасы тарабынан 19-февралда кармалган.
Буга чейин УКМКнын Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бердибек Боронбаев жана УКМКнын Бишкек башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун жакын адамы делген н УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев 15-апрелге чейин камакка алынды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин кармалышы боюнча УКМК мындай деп билдирген:
-Кыргыз Республикасынын президентинин тапшырмасы боюнча Аскер прокуратурасы Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы менен бирге кызмат ордунда турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы айрым кызматкерлерине карата бир катар тергөө жана оперативдик иш-чараларды жүргүздү.
Бул чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бардык процессуалдык нормаларга так ылайык жүргүзүлдү. Бул аракеттер тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилигине өз убагында маалымат берилди.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кадрдык жактан маанилүү чечимдер кабыл алынды. Мыйзам бузуулар боюнча күнөөлүү деп табылгандар кызматтарынан бошотулуп, улуттук коопсуздук органдарынан алынды. Тиешелүү органдар белгиленген жол-жоболорго ылайык, бул адамдардын аракеттерине акыркы юридикалык баа беришет,-деп айтылат маалыматта.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду. Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.Рустам Мамасадыков УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Алишер Эрбаев УКМКнын төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору, Уранбек Шадыбеков УКМК төрагасынын орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




