“Бүтүн Кыргызстан” партиясы 200дөй тилкеде кайра саноо боюнча билдирүүсүнөн баш тартты

  • 2 года мурун

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы буга чейин айтылган 200дөн ашуун шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра саноодон баш тартаары тууралуу 9-декабрда билдиргенин Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

БШК партия менен 6 шайлоо участкасында добуштарды кайра саноо маселесин тактап жаткандыгын айтты.

Буга чейин 7-декабрда БШКнын сайтында шайлоо участкаларында кол менен эсептөөнүн протоколдору 100% жарыялангандан кийин, “Ишеним” жана “Ата Журт” партиялары (толугу менен) өз арыздарын чакыртып алышкан.

“Ынтымак”, “Альянс” жана “Эл үмүтү” партиялары да көпчүлүк шайлоо участкалары боюнча арыздарын кайтарып алышты. “Эл үмүтү” партиясы мурда айтылган 58 шайлоо участкасынын 11инде добуштарды кайра саноо үчүн арыз калтырды. “Ата Мекен” жана “Социал-демократтар” партияларынын билдирүүлөрү каралууда.

“Азаттык” партиясынын өлкөдөгү бардык шайлоо участокторунда “толук кайра саноо”  боюнча талабына негиз жок болгондуктан, добуштарды кайра саноодон баш тартты.

Жалпысынан  буга чейин 600 шайлоо участкасы боюнча кол менен кайра саноого арыздар 8 саясий партиядан түшкөн.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодогу добуштарды колго саноонун протоколдору жалпы системага киргизилип бүттү.

«Ата Мекен», «Социал-демократтар», «Улуттар Биримдиги», «Азаттык» партиялары парламенттик шайлоонун автоматташтырылган системасынын алдын ала жыйынтыгы бурмаланганын билдиришти. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, БШКнын учурдагы курамын таратууну талап кылаарын айтып чыгышты.

29-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү БШКнын алдына тынч митингге чыгышты. Алар шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышын, өкмөттүн отставкага кетишин талап кылышты.

28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты