Айгүл Жапарова 35 миң долларлык килем-белектен баш тартты
- 1 месяц мурун
- Видео
Президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова уулдары менен Дүйнөлүк VI Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан “Кырчын” жайлоосунда жүргөн видео тарады. Анда сатуучулардын бири баасы 35 миң долларга бааланып, сатылып жаткан атайын технология менен колго жасалган килемди тартуулагысы келген.
ЖМКнын маалыматы боюнча, андагы жарманкелердин биринде Айгүл Жапаровага сатуучу баасы 35 миң доллар турган килемди тартуулагысы келген. Бирок Айгүл Жапарова ыраазылыгын билдирип, сылык түрдө белектен баш тарткан.
Сатуучу ушул колдо жасалган керемет килем сатыкка чыкканда эле аны биринчи айым келсе, белекке беришээрин ниет кылганын билдирди.
Буга чейин «Кырчында сатылган 35 миң долларга бааланган, дүйнөдөн чогулган 4 миң баалуу таш чет өлкөдөн бастырылып, Кыргызстанда 12 чебер эки жылдан ашык убакта колго жасаган килем сатыкта экени айтылган.
Сүрөт: Социалдык тармактан




