Авиакырсыктан жабыркаган жарандар Кыргызстанга келди  

  • 2 месяца мурун

Казакстандын Актау шаарындагы катталган авиакырсыктан жабыркаган үч кыргыз жараны Бишкек шаарындагы улуттук ооруканага тез жардам кызматы аркылуу алынып келинди.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аларды алып келе жаткан учак Бишкек шаарынын “Манас Эл Аралык” аэропортуна 30-декабрга караган түнү саат 02:52де конду. Учурда ал жарандар  дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Буга чейин Казакстанда учак кырсыгында абалы канаттандырарлык эки жаран тиешелүү кызмат өкүлдөрү жана туугандары тарабынан эртең, 30-декабрда Кыргызстанга алынып келинери айтылган.

25-декабрда Казакстандын Актау шаарында Азербайжан аба жолдорунун Бакудан Грозныйга бараткан жүргүнчүлөр учагы кулаган. Маалым болгондой учакта 5 экипаж мүчөсү, 6 Казакстандын, 37 Азербайжандын, 16 Орусиянын, 3 Кыргызстандын жарандары болуп, бардыгы 67 жаран болгон. Алардын 38и каза тапты. Учактын ичиндеги кыргызстандык үч жаран аман калды.

Euronews Азербайжандын өкмөтүндөгү аты аталбаган булакка шилтеме берип, 38 адамдын өмүрүн алган жүргүнчүлөр учагынын кыйрашына орусиялык ракета себеп болгону жазып чыкты.

Иллюстрациялык сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты