Батыш Казакстандын Актау шаарында учак кулады

Батыш Казакстандын Актау шаарында Азербайжан аба жолдорунун Бакудан Грозныйга бараткан жүргүнчүлөр учагы кулады.

Бул тууралуу Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.     

Учакта 67 пассажир жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Алты адам аман калганын Казакстандын саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ооруканага 12 киши жеткирилген, анын бирөө жаш бала экени айтылды.   

«База» телеканалы Тажикстан, Казакстандын жана Кыргызстандын жарандары болгону белгиленди.

Алдын ала маалымат боюнча, учак радардан жоголуп, учуу-конуу тилкесинин талаасына кулаган. Кулаар алдында аэропорттун үстүнөн айланып учкан.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты