Казакстандагы жүргүнчүлөр учагынын кыйрашына орусиялык ракета себеп болгону айтылууда

  • 2 месяца мурун

25-декабрда Казакстандын Актау шаарында болгон, 38 адамдын өмүрүн алган жүргүнчүлөр учагынын кыйрашына орусиялык ракета себеп болгону айтылууда. Бул тууралуу Euronews Азербайжандын өкмөтүндөгү аты аталбаган булакка шилтеме берип, жазып чыкты.

Кабарда «25-декабрда Актауда Азербайжан аба жолдорунун учагынын кыйрашына Орусиянын жер-аба ракетасы себеп болгон. Бул тууралуу биздин каналга Азербайжан өкмөтүндөгү булак билдирди»,- деп жазылган. Ошондой аталган булак жабыркаган учакка Орусиянын аэропортторуна конууга уруксат берилбегендигин айткан.

Маалыматта айтылгандай, булак орусиялык ракета Чеченстандын баш калаасынын үстүндө учуп жүргөн учкучсуз учактар жүргөн маалда атылган. Анын сыныктары адам ташып бараткан Азербайжандык учактын жанында жарылып, учак жана анын ичиндегилер жабыркаган.

«Азербайжандын министрлер кабинетиндеги булактын айтымында, учкучтар авариялык конууну суранышкан, бирок Орусиянын бир дагы аэропортуна конууга уруксат берилген эмес, алар Каспий деңизи аркылуу Актау тарапка жөнөтүлгөн. Ошондой эле маектешибиз учактын GPS навигациялык системалары каттамдын бул бөлүгүндө басылып калганын тактады. Эске салсак, 25-декабрда Чеченстандын бийлиги Грозныйдын үстүнөн учкучсуз учактар ​​атып түшүрүлгөнүн кабарлаган. Окуяга күбө болгондор Ички иштер министрлигинин Ахмат Кадыров атындагы 2-атайын полкунун базасынын аймагында кеминде төрт-беш жардыруу болгонун билдиришкен»,- деп жазды Euronews.

Эске салсак, 25-декабрда Казакстандын Актау шаарында Азербайжан аба жолдорунун Бакудан Грозныйга бараткан жүргүнчүлөр учагы кулаган. Маалым болгондой учакта 5 экипаж мүчөсү, 6 Казакстандын, 37 Азербайжандын, 16 Орусиянын, 3 Кыргызстандын жарандары болуп, бардыгы 67 жаран болгон. Алардын 38и каза тапты. Учактын ичиндеги кыргызстандык үч жаран тең аман калды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты