ӨКМ: Казакстанда кырсыктаган учактагы кыргызстандык үч жаран ооруканада жатат
- 2 месяца мурун
25-декабрда саат 18:00га карата маалымат боюнча Казакстандагы учак кырсыгына кабылгандардын арасынан Кыргызстандын үчүнчү жараны тирүү экени аныкталды. Ал 1988-жылы туулган Э. Д. аттуу жаран.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Кыргызстандын жалпы үч жараны Казакстандын Актау шаарындагы ооруканага жеткирилген. Алар:
— 2004-жылы туулган А.Р.Т ;
— 1998-жылы туулган О. Т. М.;
— 1988-жылы туулган Д.Э.Д.
Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан «Эмбреар — 190» учагында жалпы 67 жаран болгон. Анын ичинен 37си Азербайжандын, 16 Орусиянын, 6 Казакстандын, 3 адам Кыргызстандын жараны жана 5 экипаж болгон. Учурда 32 адам тирүү экени аныкталды.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү