ТИМ: Учак кырсыгынан жабыркаган эки кыргызстандык 30-декабрда Мекенге алынып келинет

  • 2 месяца мурун

Казакстанда учак кырсыгында абалы канаттандырарлык эки жаран тиешелүү кызмат өкүлдөрү жана туугандары тарабынан эртең, 30-декабрда Кыргызстанга алынып келинет.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы бүгүн, 29-декабрда билдирди.

Маалыматта авиакырсыктан жабыркаган, учурда ден соолугу канаттандырарлык деп бааланган эки жаранды 30-декабрда алып келүү боюнча иш-чаралар иштелип жатканын, ал эми дагы 1998-жылы туулган А.Р.ны атайын жабдылган аба транспорту менен алып келүү жагы каралып жатканын белгиледи.      

25-декабрда Казакстандын Актау шаарында Азербайжан аба жолдорунун Бакудан Грозныйга бараткан жүргүнчүлөр учагы кулаган. Маалым болгондой учакта 5 экипаж мүчөсү, 6 Казакстандын, 37 Азербайжандын, 16 Орусиянын, 3 Кыргызстандын жарандары болуп, бардыгы 67 жаран болгон. Алардын 38и каза тапты. Учактын ичиндеги кыргызстандык үч жаран аман калды.

Euronews Азербайжандын өкмөтүндөгү аты аталбаган булакка шилтеме берип, 38 адамдын өмүрүн алган жүргүнчүлөр учагынын кыйрашына орусиялык ракета себеп болгону жазып чыкты.

Сүрөт: ТИМ

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты