Авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардын экөөнүн абалы канаттандырарлык, 3-жарандын абалы оор

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 30-декабрда, Актау шаарындагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыктар Бишкекке жеткирилди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жабырлануучулардын экөөнүн абалы канааттандырарлык деп бааланып, Улуттук госпиталдын кыска мөөнөттүү стационардык бөлүмүнө жаткырылды.

Үчүнчү бейтаптын абалы туруктуу жана оор. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда дарыгерлердин кеңешмеси өттү. Бейтап Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүндө адистердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардын экөөнүн абалы канаттандырарлык, 3-жарандын абалы оор
Авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардын экөөнүн абалы канаттандырарлык, 3-жарандын абалы оор

Казакстандын Актау шаарындагы катталган авиакырсыктан жабыркаган үч кыргыз жараны бүгүн, 30-декабрда, Бишкек шаарындагы улуттук ооруканага тез жардам кызматы аркылуу алынып келинди.

25-декабрда Казакстандын Актау шаарында Азербайжан аба жолдорунун Бакудан Грозныйга бараткан жүргүнчүлөр учагы кулаган. Маалым болгондой учакта 5 экипаж мүчөсү, 6 Казакстандын, 37 Азербайжандын, 16 Орусиянын, 3 Кыргызстандын жарандары болуп, бардыгы 67 жаран болгон. Алардын 38и каза тапты. Учактын ичиндеги кыргызстандык үч жаран аман калды.

Euronews Азербайжандын өкмөтүндөгү аты аталбаган булакка шилтеме берип, 38 адамдын өмүрүн алган жүргүнчүлөр учагынын кыйрашына орусиялык ракета себеп болгону жазып чыкты.

Сүрөттөр: med.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты