Садыр Жапаров: Санкцияга кирген бир дагы товарды Россияга жиберген жокпуз
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров 21-сентябрда Америка Кошмо Штаттарындагы иш сапарынын алкагында Нью-Йоркто StoneX Group кеңсесинде корпорациянын жетекчилиги менен жолугушту. Анда ал The New York Times басылмасынын Кыргызстандын экономикасы орус-украин согушунун фонунда өнүккөнү тууралуу макаласына жооп берди.
“Россия менен Украинанын ортосундагы согуш болгонуна байланыштуу Кыргызстан Кытайдын товарын же Европадан Россияга товар ташып, ошондон көтөрүлүп жатат, болбосо көтөрүлбөйт эле деп “Нью-Йорк таймс” да бул жерден туура эмес айткан. Анткени биз Россияга мурдатан эле товар сатып келебиз. Ооба, Кытайдан дагы экспорт кылабыз. Бирок согуш товарларын эмес. Санкцияга кирген бир дагы товарды Россияга жиберген жокпуз. Биз дагы санкцияны, Бириккен Улуттар Уюмунун мыйзамдарын сыйлаган мамлекетпиз” деди Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарынын алкагында Солт-Лейк-Сити шаарындагы Капитолий имаратында Юта штатынын губернатору Спенсер Кокс жана сенаттын президенти Стюарт Адамс менен жолугушту.
Нью-Йорк шаарында “Ситибанк” банкынын башкаруучу директору Стефани фон Фридбург менен жолугушту.
Сүрөт: president.kg




