«Асман» шаарын куруу дирекциясы президенттин иш башкармалыгынын карамагына өтөт

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кезектеги жыйынды өткөрдү. 
Министрлер кабинетинин жыйынынын жүрүшүндө 13 маселе каралды жана анын басымдуу бөлүгү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө болду.  
  
Каралган маселелердин арасында «Асман» экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциясын Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөрүү чечими кабыл алынды.
 
Бул чечим натыйжалуулукту жогорулатууга жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен “Асман экологиялык таза шаары” пилоттук долбоорун ишке ашыруу боюнча оперативдүү чечимдерди кабыл алууну тездетүүгө багытталган. 

Президенттин администрациясы Ысык-Көл облусуна “Асман” деп аталган, 500 миң туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун былтыр жайында жарыялаган. Экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар 7-10 жылдын аралыгында курулары кабарланган. Шаар Тору-Айгыр айылына түшмөк. Киийнчерээк ал Тору-Айгыр айылы менен Тамчыдагы «Ысык-Көл» аэропортунун ортосуна деп өзгөртүлөрү кабарланган.

Өткөн жылы 12-апрелде Руслан Акматалиев Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы болуп дайындалган.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы 23-октябрда маалымат жыйынында Асман шаарынын келечектеги курулушу тууралуу суроого мындайча жооп берген.

-Асман шаарынын башкы планы иштелип жатат. Ал 1-1,5 жылда башталат. Биз сыйкырчы эмеспиз, “сүф” десе эле шаар туруп калгандай. Бюджеттен бир тыйын да короткон жокпуз, бул-инвесторлордун акчасы. Биз гектерлап-гектарлап жерди бөлүп беребиз, Кытай, Сауд Аравия ж.б. мамлекеттерден сурап жатышат. Мамлекет инфраструктура гана курат. Инвесторлор 20 млрд доллардын тегерегинде коротот. 3-7 жылдан кийин салынып бүтүп калса да жакшы. Анда чет өлкөлүктөр да батир  сатып алса болот, -деген Президент.

Ысык-Көл облусунда куруу пландалып жаткан «Асман» долбоорунан баш тартууну бийликтен талап кылуу петициясы жарыяланды. Анын ордуна  Ысык-Көлдөгү кичи шаарларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн кароо боюнча бийликке сунуш берилди.    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты