Арстан Алайдын өлүмү боюнча соттук отурум уланууда

  • 4 недели мурун

Коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) абактагы өлүмү боюнча соттук териштирүү Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда улантылып жатат. Кийинки отурум 16-январга белгиленген.

Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) 2024-жылы 5-январда Юстиция министрлигине караштуу жаза аткаруу кызматынын №31 түзөтүү мекемесинде каза болгон. Жаза аткаруу кызматы Арстанбек Абдылдаев 5-январь күнү жаза аткаруу кызматынын атайын дарылоо түзөтүү мекемесинин ашканасында асылган абалда табылганын билдирген.

Октябрь райондук соту Арстанбек Абдылдаевди 2024-жылы 15-январга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган. 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Арстан Алай аты менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев диний кастыкты козутуу боюнча кармалганын билдирген.

Сүрөт: Архивдик сүрөт

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты