Чүй облусунда эки аялдын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Кара-Балта шаарында жана Токмок шаарында аялдын өлүмү боюнча эки кылмыш иши козголду.

Чүй облустук ички иштер башкы башкрмалыгынын (ОИИББ) маалыматы боюнча, 23-сентябрда саат 10: 47 чамаларында үйлөрдүн биринде аялдын сөөгү табылгандыгы боюнча милицияга билдирүү түшкөн.

Ал 1992-жылы туулган, денесинде ур-токмоктун издери байкалып турган. Бул кылмыш иши боюнча кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.  Анын күйөөсү камакка алынган.  

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Токмок шаарында дагы бир аялдын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады.

25-сентябрда саат 18:10 чамасында Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндөгү батирлердин биринен денесинде жаракаттары бар, 1953-жылы туулган С.И. аттуу аялдын сөөгү табылган.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты