Панфилов райондук электр тармактар ишканасынын башчысы кармалды
- 1 неделя мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Чүй электр тармактар ишканасы тарабынан эсептегич шаймандарын айланып өтүү жолу менен электр тармактарына мыйзамсыз кошуу үчүн жарандардан системалуу түрдө акча талап кылуу боюнча коррупциялык схеманы аныктады.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 6-июлда кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгү (Пара алуу) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында өзгөчө ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен Чүй электр тармактар ишканасынын Панфилов РЭТинин башчысы 1993-жылы туулган Т.у.У. кармалды.
Т.у.У. жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.
Сүрөт: УКМК
Муну бөлүшүү




